Ссылки доступа

Орусиялык миллиардер Геннадий Тимченко Өзбекстанда газ бизнесин улантууда


Геннадий Тимченко.
Геннадий Тимченко.

Орусиялык миллиардер (Forbes журналынын тизмесинде 18,5 млрд. доллар байлыгы менен 7-орунда) жана президент Владимир Путиндин жакын санаалаштарынын бири Геннадий Тимченко европалык санкцияларды кыйгап өтүп, эл аралык базарда бизнесин улантууда. Бул тууралуу “Досье” борборунун иликтөөсүндө айтылат.

Маалыматка караганда, бул үчүн Тимченко коомчулукка анча белгисиз болгон ишкер Иван Егоровду пайдаланууда.

"Досьенин" журналисттери алгач өз булактары аркылуу Егоровдун паспортко түшкөн сүрөтүн алып, андан соң ал аркылуу ишкер менен Тимченко экөөнүн сүрөттөрүн аныкташкан. Егоров чет өлкөлөргө чыгуучу паспортун башка жарандардай Ички иштер министрлининин бөлүмдөрүнөн эмес, Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинен алган.

2014-жылы Крымдын аннексиясын колдогону үчүн Европа өлкөлөрү Тимченкону санкциялык тизмеге киргизип, анын Франциядагы вилласын конфискация кылууну чечкен. Анда ага вилласын сактап калууга Егоров жардам берген. Бул виллага Тимченко 2008-жылдан бери SCI Belize компаниясы аркылуу ээлик кылып келген. 2014-жылы бул компания Монакодо катталып, бенефициары катары Егоров көрсөтүлгөн SCP Belize Holdings фирмасына өткөн.

Учурда Тимченко Егоровдун акчасына Өзбекстандагы Газли газ кенин өнүктүрүү менен алектенүүдө. 2017-жылы өзбек президенти Шавкат Мирзиёев "Өзбекмунайгаз" ишканасына Газлидеги газ сактоо жайын үч эсеге кеңейтүү боюнча сунуш даярдоону тапшырган. Бул стратегиялык объект Орусияга, Түркмөнстанга, Казакстанга жана Кытайга бара турган куурлар бириккен жерде жайгашып, Өзбекстандын газ транспорттоо системасынын борбору болуп эсептелет. Бул долбоордун баасы 1 миллиард доллардан ашык экени кабарланган. "Өзбекмунайгаз" орусиялык "Форус" компаниясы менен Gazli Gas Storage аттуу жалданма компания түзүү боюнча макулдашууга кол койгон.

2023-жылы февралда "Озодлик" радиосу "Форус" 2017-жылы каттоодон өткөнүн жана эл аралык териштирүүлөрдө Тимченконун жана орус бийлигин кызыкчылыктарын коргой турганын жазган.

"Досье" бул компаниянын отчётторун изилдеп чыгып, анын ээлеринин бири Егоров экенин жана Газли кени дал ошол компания аркылуу каржыланып жатканын аныктаган: өзбекстандык Gazli Gas Storage компаниясы акчаны "Форустан" алса, "Форуска" каражатты Егоров жөнөтүп турган. Өз кезегинде ишкер акчаны "Веста" компаниясынан алган – 2020-жылдан бери компания ага дээрлик 7,6 миллиард рубль которгон. "Вестанын" өзүнүн демөөрчүсү катары Тимченконун топ-менеджери Михаил Семенов менен "Газпромбанк" эсептелет.

"Досьенин" маалыматына ылайык, "Газпромбанктын" Өзбекстандагы долбоордогу үлүшү болжол менен 74%, Тимченконуку 26% түзөт.

XS
SM
MD
LG