Анын айтымында, мечитте ок чыгарган адам дароо кармалган. Сурак маалында ал өзүн Тажикстандын жараны деп тааныштырган.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, шектүү аны күзөт кызматкерлери мечиттин кире беришинде токтоткондо ок аткан.
Азырынча бул билдирүү боюнча Тажикстандын бийлиги комментарий бере элек.
Ирандагы шииттер үчүн эң ыйык беш жайдын бири деп эсептелген Шах-Черах мечитинде 13-августта ок атылып, кеминде бир адамдын өмүрү кыйылып, сегиз киши жараат алган.
Бул кол салуу үчүн эч бир уюм жоопкерчилик ала элек.
Шах-Черах мечитинде былтыр октябрь айында да теракт болуп, 15 киши каза тапкан. Ал кол салуу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алган.