Ссылки доступа

"Казахмыстын" жетекчилиги иш таштаган жумушчулар менен сүйлөшүүлөрдү баштады


"Казахмыстын" иш таштаган жумушчулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн корпорациянын жетекчилиги Улытау облусундагы Сатпаев шаарына барды. Бул маалыматты нааразылык билдирип чыккан кенчилер ырастады.

"Корпорациянын жетекчилиги шахтага түшүп, жумушчулар менен сүйлөшүп жатат. Бирок ишке чыга элекпиз. Талаптарыбыз аткарылмайынча иш таштоону токтотпойбуз", – деди кенчилердин бири.

Ал иш таштоого жүздөгөн жумушчу катышып жатканын кошумчалады. Алар эмгек шарттарына нааразылык билдиргенден тышкары шахтада адистердин жетишсиздигине да даттанууда.

"Казахмыстын" жумушчулары 14-августта иш таштап, корпорация жетекчилигине 15 талап коюшкан. Алардын арасында эмгек шарттарын жакшыртуу, бир жылдык эмгек стажын 1,5 жыл деп эсептөө, эски жабдууларды жаңысына алмаштыруу, технологиялык нөөмөттөгү жумушчулардын разряддарын теңдөө, жакында эле каза болгон жумушчунун уулун ишке алуу, бардык кошумча сыйакыларды айлыкка кошуп төлөө жана шахтанын төмөн жагында иштеген жумушчулардын эмгек өргүүсүн 48 күндөн 54 күнгө чейин көбөйтүү талаптары бар.

Мындан тышкары жумушчулар ыктыярдуу медициналык камсыздандыруунун шарттарын кайрадан карап чыгууну жана Шахтёрлор күнүндө "100 миң теңгеден" сыйакы төлөп берүүнү талап кылууда.

"Казахмыс" – дүйнөдөгү эң ири жез өндүрүүчүлөрдүн бири. Анын курамында геологиялык чалгындоо комплекси, 13 кен, төрт байытуучу фабрика, эки жез эритүүчү завод, эки көмүр кени жана отун энергетикалык комлекси бар. Булардын көбү Улытау жана Караганда облустарында жайгашкан. Маалыматка караганда, "Казахмыстын" ишканаларында жалпысынан 38 миң киши иштейт.

XS
SM
MD
LG