Ссылки доступа

Казакстан ИИМи журналист Сандугаш Дүйсенованын кармалышын мыйзамсыз деп эсептебейт


Казакстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожаев журналист Сандугаш Дүйсенованын Талдыкорган шаарында кармалышын мыйзамсыз деп айтууга эрте деп эсептейт.

"Баары тергөө амалдарынын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот", - деди Кожаев.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Дүйсенованын камалышы анын кесиптик ишмердүүлүгүнө тиешеси жок экенин айтты.

11-августта "Адил сөз" уюму Талдыкорганда журналист Сандугаш Дүйсенова кармалганын кабарлаган. Ага "Жеке маалыматтарга кол салуу жана жеке маалыматтар жөнүндө мыйзамдарды бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Журналист киши өлтүрүү айыбы менен соттолгон адамдын жеке идентификациялык номерин (ИИН) мыйзамсыз ачыкка чыгарган деп айыпталууда.

Журналисттин тарапташтарынын айтымында, кармалгандан кийин аны видеокамеранын алдында жылаңач тинтүүгө алышкан.

Сандугаш Дүйсенова өз материалдарында курч социалдык көйгөйлөрдү көтөргөн журналист катары белгилүү. Ал 2022-жылдагы Январь окуясында Талдыкорган аянтында Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелигин талкалоо учурунда тартылган сүрөттүн автору. Сүрөттө жерде жаткан айкелдин бир бөлүгү көрсөтүлгөн. Дүйсенова бул сүрөтү үчүн MediaCAMP Award 2022 сыйлыгын жеңип алган.

XS
SM
MD
LG