Ссылки доступа

Согд облусунун прокурору милиционерлер менен айыл тургундарынын мушташы боюнча түшүндүрмө берди


Лакат айылындагы окуя
Лакат айылындагы окуя

Милиция кызматкерлерин сабаганы айыпталган Истаравшан шаарындагы Лакат айылынын тургундарына каршы козголгон резонанстуу кылмыш иши боюнча тергөө аяктады.

Иш биринчи инстанцияга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Согд облусунун прокурору Фуркат Хожазода билдирди.

Лакат айылындагы окуя ушул жылдын май айында болгон. Анда айыл тургундары жашы жете элек кызды коргоп чыгышканын билдиришкен. Алардын айтымында, үч милиционер кызды айнектери караңгылатылган унаага салып, ээн жерге алып кетишкен. Кыз кыйкыра баштаганда, аны талаада иштеген кошуналары угушкан. Алар милициянын унаасын курчоого алып, секелекти бошотууну талап кылып, бул учурду видеого тартып алышкан. Окуядан кийин Лакат айылынын тогуз тургуну кармалып, милиция кызматкерлерине кол көтөрүүгө айыпталган.

Согд облусунун прокурору Фуркат Хожазода бул окуя Лакат айылында жашаган өспүрүмдүн аскердик милдеттен качышына байланыштуу болгонун билдирди.

"Милиция кызматкерлери жаш жигиттин сүйлөшкөн кызы бар экенин аныкташкан. Алар аны таап, милиция бөлүмүнө чакырышкан. Андан соң кыз менен бирге ошол учурда талаада иштеп жүргөн жигитине барышкан. Окуя да ошол жерде болгон", - деди облус прокурору.

Милиция кызматкерлеринин асылуусуна даттанган секелек кыз мурда аскерге чакырылуучу менен мамилеси болгонун четке каккан.

Лакат айылындагы окуя тууралуу видео социалдык тармактын колдонуучуларынын нааразылыгын жараткан. Айрымдары милиция кызматкерлерин кармап, жоопко тартууну талап кылышкан.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлери кызды күч менен кармаган деген маалыматты четке кагып, бирок Лакат айылынын тургундары үч милиция кызматкерин сабап, тергөө иштерине тоскоолдук кылышканын билдирген. Талаада милиция кызматкерлери эмнени иликтешкенин ал кезде Ички иштер министрлиги түшүндүргөн эмес.

Учурда кылмыш ишинин негизги айыпталуучулары болгон жашы жете элек кыздын эки агасы жана Лакат айылынын үч тургуну тергөө абагында отурат. Бийлик айыл тургундарына бул темада журналисттер менен баарлашууга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG