Маалыматка караганда, баңгизат газ баллонуна (49 таңгак) жана автоунаанын бензин куйган жерине (31 таңгак) катылган.
Кармалган жарандар мындай жол менен Өзбекстанга 52,8 килограмм гашиш, 2 килограммдан ашык героин жана курамында 950 грамм синтетикалык маңзат бар клей алып кирүүгө аракет кылышкан.
Учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.