Ссылки доступа

Тажикстан: армияда альтернативдик негизде кызмат өтөөнүн баасы кымбаттайт (видео)


Тажикстанда 1-сентябрдан тарта альтернативдик негизде армияда кызмат өтөөнүн баасы 28 560 сомониден 51 миң сомониге чейин кымбаттайт. Бул тууралуу өкмөттүн тиешелүү токтомунда жазылган.

Ага ылайык, кийинки айдан баштап армияда альтернативдүү негизде кызмат өтөөнүн баасы 750 эсептик көрсөткүчтү же 51 миң сомонини (4,6 миң доллар) түзүп калат. Документте баанын дароо 78% жогорулашынын себептери жазылган эмес.

Тажикстанда 2021-жылы "Аскердик милдет жана аскердик кызмат тууралуу" мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынган. Ага ылайык, аскер курактагы өспүрүмдөр эки жылдык армияда кызмат өтөөнүн ордуна мамлекетке белгилүү бир суммада каражат төлөп, бир ай кызмат өтөө укугуна ээ болгон.

Айрым эксперттер акча төлөп, бир ай кызмат өтөө мүмкүнчүлүгү – тажик армиясынын согушка жарамдуулугуна терс таасир этиши мүмкүн деп эсептешет. Алардын айтымында, мындан тышкары армияда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары гана кызмат өтөп калат. Укук коргоочулар бул адам укуктарын бузуу болуп эсептелерин билдиришкен.

В Таджикистане значительно повысится стоимость альтернативной службы
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00
XS
SM
MD
LG