Ссылки доступа

УКМК Олжобай Шакирдин кылмыш иши жөнүндө маалымат таратты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жазуучу, публицист Олжобай Эгембердиев (Олжобай Шакир) "массалык башаламандыкка чакырууга айыпталып жатканын" билдирди.

Атайын кызмат "Олжобай Эгембердиев Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келген" деп билдирди.

УКМК анын билдирүүлөрүнө текшерүү жүргүзүлүп, массалык башаламандыкка, бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүмдү өзгөртүү чакырыгы болгону жөнүндө эксперттик корутундусу бар экенин белгиледи.

Атайын кызмат Олжобай Эгембердиевге карата Кылмыш жаза кодексинин 278-беренеси ("Массалык баш аламандыктар") менен кылмыш ишин козгоду.

Шакир 23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылып, дээрлик сегиз саатка созулган сурактан кийин 48 саатка камалган. 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагында калтырган.

Анын адвокаты Бакытбек Автандил атайын кызмат коюп жаткан беренелер негизсиз экенин билдирген.

Жазуучунун бөгөт чарасы каралып жатканда сот залынын алдында бир катар укук коргоочулар, жарандык активисттер жана анын жакындары плакаттарды кармап, анын бошотулушун талап кылып турушкан.

Олжобай Шакир бийликтин дарегине ачуу сын-пикир айтып келген. Негизинен Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга башкарууга берүүгө каршы чыккан. Президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди маекке чакырган. 31-августта нааразылык акциясын өткөрүү демилгесин көтөрүп жаткан.

52 жаштагы Олжобай Шакир соңку кездерде журналисттик иликтөөлөрдү жасаган Temirov Live командасы менен да кызматташып жүргөн.

Ал 2017-жылдары "РухЭш" коомдук агартуу багытындагы сайтты негиздеген. Сайт "Улут үлгүсү" жана "Улут абийири" сыйлыктарын уюштуруп, алар коомчулукта кадыр-баркка ээ, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп келген ишмерлерге берилип келет.

XS
SM
MD
LG