Ссылки доступа

Ташкентте "кешбэкти" сындаган имам иштен алынды


Ташкенттеги "Имам Термизи" мечитинин имамы Исакжон Бегматов социалдык тармактарда бир катар талаш-тартыштуу жана эмоционалдуу билдирүүлөрдү жасагандан кийин кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу 25-августта Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы билдирди.

Буга чейин соцтармактарда Исакжон Бегматовдун "кешбэктин зыяны" жөнүнө сүйлөгөн видеосу кызуу талкуу жараткан.

Имам "кешбэкти" кайтарып берүүнү талап кылган мыйзамды кабыл алгандар дүкөнчүлөргө зыян келтирип жатканын билдирген. Анын пикиринде, канча товар касса аппараты аркылуу өтсө, соодагерлер ошончо көп салык төлөшөт жана зыян тартышат.

Мусулмандар дин башкармалыгы имамдын сөзү уюмдун көз карашын чагылдырбай турганын, Бегматовдун жеке пикири экенин билдирди.

"Ишкерликтин бул түрү Өзбекстандын Мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан кылдат изилденип, "кешбэк" сыяктуу тиркемелердин жардамы аркылуу алынган сыйлыктар же бонустар жөнүндө эки жолу фатва чыккан. Документтерде имамдар мыйзам талаптарын сактап, өз милдеттерин так аткарып, талаш-тартыш жараткан сөздөрдү сүйлөбөшү керектиги айтылган", - деп билдирди башкармалык.

Диний мекеме Бегматов буга чейин да талаш-тартыш жараткан сөздөрдү сүйлөбөө жөнүндө эскертүү алганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG