Ссылки доступа

Франция мектептеринде мусулман аялдардын абая көйнөгүн кийүүгө тыюу салынат


Париждеги эл аралык мода көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн абая көйнөктөрү. (архив сүрөт)
Париждеги эл аралык мода көргөзмөсүндө көрсөтүлгөн абая көйнөктөрү. (архив сүрөт)

Франциянын бийлиги мамлекеттик мектептерде мусулман кыз-келиндердин абая көйнөгүн кийүүгө тыюу салууну көздөп жатат. Бул тууралуу өлкөнүн билим берүү министри Габриэл Атталь 27-августта билдирди.

"Класска киргенде окуучуларды карап, алардын кийиминен диний ишенимдерин аныктай албагандай болуш керек", - деп айткан буга чейин Атталь.

Мындай чечим абаяга байланыштуу бир нече айга созулган талаш-тартыштан кийин кабыл алынды. Өзгөчө оңчулдар жана ашынган оңчулдар мектептерде бул кийимди кийүүгө тыюу салынышын талап кылып келишкен.

Буга чейин Францияда мектепте хижаб кийүүгө да тыюу салынган.

Оппозициядагы солчул, "Багынбас Франция" партиясынын өкүлдөрү муну "Баш мыйзамга каршы келген кадам" катары сынга алды.

Бул - жакында эле министр болуп дайындалган 34 жаштагы Габриэл Атталь кабыл алган алгачкы олуттуу чечим.

XS
SM
MD
LG