Башкы дипломат орусиялыктарга кыргыз жарандыгын берүү маселесине байланышкан суроого жооп берип, алар бизнес ачканын, орус болгону үчүн гана жарандык бербөө туура эместигин, өлкө жумушчу күчүнө муктаж болуп турганын жүйө келтирип, “Келгиле, биздин өлкөнүн жараны болгула!”, - деп чакырды.
Орусияда Украинадагы согушка байланыштуу аскердик мобилизация жарыялангандан кийин Кыргызстандын жарандыгын алууну каалаган орусиялыктар көбөйгөн. Президент Садыр Жапаровдун жарандыкка кабыл алуу жөнүндө 2022-жылы чыгарган жарлыктарынын негизинде Орусиянын ондогон таанымал аткаминерлери менен ири ишкерлери Кыргызстандын жарандыгын алган.
Кыргызстан акыркы айларда жарандык алгандардын тизмесин ачык көрсөтпөй калды. Буга президент Жапаровдун администрациясы түшүндүрмө бере элек.