Ссылки доступа

Астанада Коргоо министрлигинен карызын доолаган ишкерлер митингге чыкты (видео)


В Казахстане предприниматели требуют у Минобороны вернуть долги
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:35 0:00

Казакстанда Коргоо министрлигинин туундуу ишканасы ондогон ишкерди алдап кеткен деп айыпталууда.

"Аскерий курулуш" ишканасы Коргоо министрлиги үчүн кызматтар менен товарларга буйрутма берип, бирок аларды аткарган компанияларга келишимде көрсөтүлгөн каражатты төлөп берген эмес. Кеп дээрлик 5 миллион доллар жөнүндө болууда.

Күн мурун Коргоо министрлигинин алдына өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген ондогон ишкер чогулду. Алардын бири Юрий Литвинов. Анын компаниясы 2020-жылы Балхаштагы аскердик бөлүк үчүн дээрлик 65 миң долларга подстанция куруп берген. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бул каражатты ала албай келет.

Татьяна Ляменконун компаниясы Коргоо министрлигинин буйрутмасы менен Үшаралда канализацияны оңдогон. Бирок үч жылдан бери ага бул кызматы үчүн акча төлөнбөй келет.

"Мен жумушчуларымдын эмгек акысын, техникалардын ижарасын төлөп беришим керек. Бизди насыя алдырып, карызга батырып таштап коюшту. Үч жылдан бери убада гана берип келатышат", – деди Ляменко.

Чогулган ишкерлерди коргоо министринин орун басары Мухамеджан Таласов кабыл алды. Ал карызды мекеме "Днепр" радиолокациялык станциясын саткандан кийин гана төлөп бере аларын билдирди.

"Азыр сатып алуучу табуу оор болууда. Эки жыл чыдадыңар эми дагы бир аз чыдап койгула. Жыл соңуна чейин негизги карыздардын баарын жабабыз деп ойлойм", – деди Таласов.

Бүгүнкү күндө бул фактылар боюнча "Аскерий курулуш" ишканасына каршы козголгон кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG