Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө 4 миңге жакын жалпы билим берүү мекемелери бар.
Быйыл 312 мектеп жана бала бакча курулду. Адистердин айтымында, мектептерде 4 миңден ашык мугалим жетишпейт.
Билим күнүндө Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дангарадагы Хатлон мамлекеттик медициналык университетинин расмий ачылыш аземине катышып, ал жерде тынчтык сабагын өткөрдү.