“Озодинин” өз булактары 64 жаштагы аял 30-августта кармалганын, ал бейбаштык боюнча айыпталып жатканын билдирди. Сожида Саидмуродованын кармалышы боюнча азырынча расмий маалымат жок.
Кабарларга караганда, Сожида Саидмуродова пенсионер жана эч жерде иштебейт.
Өткөн аптада "Ориёнбанктын" төрага орун басары Шухрат Исматуллоевди өлтүрүүгө шектелген дагы эки киши Орусияда кармалганы кабарланган.
Кармалгандардын бири банкирдин өлүмүнө байланыштуу козголгон кылмыш ишинде негизги айыпталуучу катары өтүп жаткан Дилшод Саидмуродов болушу мүмкүн экени айтылган.
"Ориёнбанктын" төрагасы Шухрат Исматуллоев июндун аягында уурдалып, өлтүрүлгөн. Анын сөөгү эки айдан кийин Пенжикент шаарынын четинен табылган. Бул кылмышка 15 кишинин тиешеси бар экени кабарланган. Бүгүнкү күнгө карата алардын 13ү камакка алынды.