Ссылки доступа

Өзбекстанда шыптын бетон плитасы кулап, алты студент жабыркады


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Самарканд мамлекеттик университетинин Каттакурган филиалынын  залында шыптын бетон плитасы кулап, алты студент кыз жабыркады.

Бул тууралуу Өзбекстандын Башкы прокуратурасы билдирди.

Gazeta.uz жазгандай, окуя 4-сентябрь күнү эртең окуу жылынын башталышына арналган иш-чара өтүп жатканда болгон.

Учурда адистер курулуш иштеринин жана имараттын капиталдык ремонтунун сапатын иликтеп жатышат. Райондук прокуратура тергөөгө чейинки териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Имарат 2008-жылы пайдаланууга берилген. Ал башында мектеп болгон. 2021-жылы университеттин филиалы катары өзгөртүлгөн.

XS
SM
MD
LG