3-сентябрда “Озодиге” үч булак, анын ичинде Акбар Ахмедовдун туугандары анын Душанбедеги абакта каза болгонун маалымдашкан. Өз булактардын бири Ахмедовдун сөөгү 30-августта ата-энесине өткөрүлүп берилгенин айткан.
6-сентябрда Тажикстандын Башкы прокуратурасы Акбар Ахмедовдун өлүмү боюнча маалыматты четке какты. Көзөмөл органдын кызматкерлери Интернетке өзүн Акбар Ахмедов деп атаган адамдын видеосун жарыялашты. Ал ден соолугу жайында экенин жана жактоочу менен камсыз болгонун айтты.
“Менин эч кандай дооматым жок. Буга чейин абакта ата-энем менен жубайымды бир нече жолу көргөм”,-деди ал.
Акыркы бир нече жылда Тажикстанда расмий маалыматка жетүү өтө оорлошту жана “Озоди” радиосунун журналисттери маалыматтарды ишенимдүү булактардын кабарларына таянуу менен жарыялоого аргасыз болушууда. Расмий бийлик өкүлдөрү, анын ичинде Тажикстандын Башкы прокуратурасы резонанстуу кылмыш иштери, камакка алуулар тууралуу убагында маалымат бербейт.
Тажикстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, Акбар Ахмедов 23-июнда Шухрат Исматуллоевди уурдап кеткен кылмыштуу топтун 15 мүчөсүнүн бири болгон. Алар Исматуллоевди өлгүчө кыйнап, сөөгүн дарыяга ыргытып жиберишкен. Банкирдин сөөгү эки айдан кийин гана табылган.
Буга чейин "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, Ахмедов сурак маалында кыйноого кабылып, ур-токмоктон өлгөнүн кабарлаган. 36 жаштагы Акбар Ахмедов IT тармагында иштеп, алты баласын багып келген.