Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына жумушчулар өздөрү кабарлашты.
“Биздин кызматкерлердин төмөнкү эмгек акысы 180 000 теңге (болжол менен 400 доллар). Биз буга макул эмеспиз, 1-сентябрдан тарта жумушка чыкпайбыз. 200дөн ашык адамбыз, - деди темир жол башчысынын орун басары Куат Нурпейисов.
Жумушчулардын айтымында, кымбатчылык шартында алардын 180-200 миң теңге айлыгы эч нерсеге жетпей жатат. Ишкана жетекчилиги менен нааразы тарап жолугушуу өткөрүп, бирок бир пикирге келе алышкан жок.
“Астанадан жетекчилер келишти. Берип жүргөн убадалар да: келерки жылга чейин, 15 пайызга жогорулаганга чейин чыдап тургула деген сыяктуу сөздөр. Алар көп убада беришет, бирок иш жүзүндө эч нерсе аткарылбай жатат”, - деди Куат Нурпейисов.
Жумушчулардын айтымында, 1-сентябрда иш таштоо башталгандан бери "Шар - Усть-Каменогорск" багыты боюнча темир жол линиясы текшериле элек.
“Биздин жумушубуз – темир жолду, жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө. Бул иштер бир нече күндөн бери аткарылбай келет. Бийлик буга көз жумуп жатат. Бул каттамда жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддер да жүрөт”, - деди нааразы болгон жумушчулардын бири.
Dosjan temir joly ишканасы 2005-жылы "Шар – Усть-Каменогорск" темир жол линиясын куруу жана эксплуатациялоо максатында түзүлгөн. Долбоордун максаты Чыгыш Казакстан аймагы аркылуу жүк ташууну оптималдаштыруу болгон.