Ссылки доступа

Түркиядагы жол кырсыгында каза болгон казак жарандарынын саны үч кишиге жетти


Өткөн дем алыш күндөрү Түркияда болгон жол кырсыгында каза тапкан казакстандыктардын саны үчкө жетти. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз катчысы Айбек Смадияров билдирди.

Буга чейин кырсыкта атыраулук журналист Арайлым Бакытжан жана анын эки жашар кызы каза болгону кабарланган.

"Бакытжандын реанимацияда жаткан күйөөсү да көз жумду. Бул үй-бүлөнүн каза болгон үч мүчөсүнүн сөөгү Казакстанга бүгүн алып келинет", – деди Смадияров.

Жол кырсыгы Түркиянын Анталия провинциясындагы Аланья шаарында 3-сентябрь күнү кечинде болгон. Катуу ылдамдыкта бараткан жеңил автоунаа менен экскурсиялык жолтандабас сүзүшкөн. Жыйынтыгында 34 жаштагы казакстандык журналист дароо мүрт кетип, эки жашар кызы ооруканада көз жумган. Маркумдун тогуз жаштагы уулу ооруканага жеткирилип, кийин туугандары Казакстанга алып кетишкен.

Бул кырсыкта казакстандыктардан тышкары бир орусиялык турист да каза болуп, ондон ашык киши жаракат алган. Алардын арасында Израилдин жарандары да бар.

Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына караганда, туристтерди үстүн ачып алып бараткан жолтандабас каршы тилкеге чыгып, жеңил автоунаа менен сүзүшкөндөн кийин оодарылып кеткен. Медициналык жардам көрсөтүлгөндөн соң эки унаанын айдоочулары кармалган.

Кырсыкта казакстандык журналист каза болгонун алгач 4-сентябрда Атырау облусунун акиминин орун басары Жасулан Бисембиев кабарлаган. Маркум журналист жергиликтүү басылмаларда иштеп, өсүүсү жай балдар үчүн "Зейін-Атырау" аттуу борборду негиздеген.

XS
SM
MD
LG