Ссылки доступа

Казакстан: "АрселорМиталлдын" туундуу ишканасынын кенинде бир жумушчу каза болду


Казакстандын Улытау облусунун Каражал шаарындагы кенде 39 жаштагы жумушчу каза болду. Бул тууралуу "Өркен" темир-кен ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин билдирүүсүндө окуя "кокустук" деп аталып, бирок жумушчу кандай жагдайды каза болгону так көрсөтүлгөн эмес.

"Окуяны териштирүү үчүн атайын комиссия түзүлдү. Жамааттык келишимге ылайык, каза болгон жумушчунун үй-бүлөсүнө зарыл болгон бардык колдоо көрсөтүлөт", – деп жазылган билдирүүдө.

"Өркен" – "АрселорМиталл Темиртау" компаниясынын туундуу ишканасы болуп эсептелет. Ал "АрселорМиталл Темиртауга" темир-кен концентратын жеткирүү үчүн темир кендерин казуу, кайра иштетүү жана байытуу менен алектенет.

17-августта Караганда облусундагы "АрселорМиталл Темиртауга" таандык "Казакстан" шахтасында өрт чыгып, беш кенчи каза болгон. Жергиликтүү басылмалар августтун аягында шахтадагы өрт толук өчүрүлө элек экенин кабарлашкан.

Расмий маалыматтарга ылайык, акыркы 15 жылдан ичинде "АрселорМиталл Темиртау" компаниясынын объектилеринде 100дөн ашык киши каза болгон. Акыркы кездери Казакстандын бийлиги бул компанияга жаңы инвесторлорду тартуу ниетин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG