Дипломатиялык өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, мыйзам боюнча АКШнын Мамдепартаменти жылына 55 миң гана виза берүүгө укуктуу.
"Визалардын баары берилип бүткөндөн кийин бул жылкы программа Өзбекстанда гана эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө аяктаган болот. Green Card программасына катышууга кийинки өтүнмөлөр быйыл октябрдын башында ачылат. Ага катышууга укугу бар бардык жарандарды чакырабыз. Кийинки программа боюнча кошумча маалыматтар кийинчерээк жарыяланат", – деп жазылган билдирүүдө.
Буга чейин АКШнын Өзбекстандагы элчилиги Diversity Visa программасы боюнча лимит жакынкы убакта түгөнүшү мүмкүн экенин эскерткен. Маалыматка караганда, өкүлчүлүктүн консулдук бөлүмү жалпысынан гранкарт алууга арыз берген 3 100дөн ашык жаран менен маектешүү өткөргөн.
Өзбекстан акыркы бир жылдан бери Green Card толтургандардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орундарды ээлеп келет. 2023-жылы эң көп Green Card Египеттин (5 529) жана Алжирдин (5 526) жарандарына берилген. Өзбекстан дүйнө өлкөлөрүнүн тизмесинде 5 511 жеңүүчүсү менен үчүнчү орунга жайгашкан.
Ошол эле маалда Өзбекстан АКШнын визасын алууда терс тенденция байкалган өлкөлөрдүн катарында. Мамдепартаменттин баяндамасына ылайык, 2022-жылы АКШнын Ташкенттеги элчилиги В категориясындагы (туристтик жана ишкердик) виза алууну каалаган өзбек жарандарынын 47,04% өтүнүчүн канааттандырган эмес.