Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси ошол эле учурда Беларус тарапта эч кандай чектөө жана тыгын жок экенин кошумчалады.
ТИМдин маалыматы боюнча, ушул тапта Литва менен Беларустун чек арасында “Лаворишкес Литва - Котловка”, “Мядининкай Литва - Каменный лог”, “Шальчининкай Литва – Бенякони”, “Райгардас Литва – Привалка” бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерден жеңил машинелер жана жүк ташуучу автоунаалар да өтсө болот.
Министрлик Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен биргеликте кыргызстандыктарга жардам көрсөтүү үчүн чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын кабарлады.