Ссылки доступа

 
Берик Уали кайрадан Токаевдин басма сөз катчысы болду

Берик Уали кайрадан Токаевдин басма сөз катчысы болду


Казакстан президентинин мурдагы басма сөз катчысы Берик Уали бул кызматка кайра дайындалды. Акорда маалымдагандай, ал президенттин кеңешчиси да болуп иштейт.

6-сентябрда президенттин басма сөз катчылыгына Нурмухамед Байгараев дайындалган. Бирок 11-сентябрда ал "ден соолугуна байланыштуу" иштен кеткенин жарыялаган.

Токаев 2019-жылы мартта президенттик такка отурганда эле Берик басма сөз катчысы болуп иштей баштаган.

2022-жылы мартта Уали "Хабар" мамлекеттик телеканалынын башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындалган.

Анын ордунда Руслан Желдибай келген. Жакында ал президенттин ички саясат жана коммуникация маселелери боюнча кеңешчиси болду.

XS
SM
MD
LG