Тайланддын коопсуздук күчтөрү 5-сентябрда аралаш мушташ боюнча франциялык мушкер Хусейн Асхабовду жана анын эгизи Хасанды кармашканы кабарланууда. Алар адам уурдоо, кыйноо жана талап-тоноочулукка шектелүүдө. Казакстандын үч жараны алардын шериги болушу мүмкүн экени айтылууда.
Маалыматтарга караганда, Асхабов, анын эгизи жана үч казакстандык Пхукеттеги италиялык жарандын вилласына кирип барышкан. Аны криптовалюталык эсептерге тиешелүү маалыматтар камтылган диск кайда жайгашканын билүү үчүн байлап, андан соң кыйнашкан. Италиялык жаран диск жок экенин айткан. Кол салган кишилер жабырлануучуну байлаган бойдон вилладан чыгып кетишкен. Басылмалар жабырлануучу кымбат сааттарын, ноутбугун жана смартфондорун уурдатканын жазышты. Кылмышка шектүүлөр паспорт, накталай акча, банк картасы жана сейфтин сыр сөздөрүн да алып кетишкени айтылууда.
Маалыматтарга караганда, полиция бир тууган Асхабовдорду кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизген. Үч казакстандык Пхукеттен Дубайга учууга үлгүрүшкөн. Алар өздөрү менен 12 миллион бат (болжол менен 337 миң доллар) алып, Казакстанга кайтып келиши мүмкүн экени болжолдонууда.
Бул тууралуу казак жана орус маалымат агенттиктери The Phuket News сайтына шилтеме жасоо менен кабарлашууда. Тайланд бийлиги расмий комментарий бере элек.
“Чет өлкөдөгү дипломаттар менен консулдардын ролу – консулдук жана юридикалык жактан жардам көрсөтүү. Бирок жактоочу катары сотко же тергөө амалдарына да катышууга укугубуз жок”, - деди Айбек Смадияров.
Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, иликтөөнү окуя болгон өлкөнүн коопсуздук органдары жүргүзүшү керек.