Ссылки доступа

Ондогон тажикстандыктар белорус-орус чек арасынан өтө албай турушат


Европа мамлекеттеринин номуру тагылган унаалар менен Тажикстандын ондогон жарандары төртүнчү күндөн бери Орусияга кире албай жатышат. Айдоочулар Беларус менен Орусиянын чек арасында чоң кезек күтүп жатканын айтышууда.

Бир нече айдоочу 18-сентябрда "Озоди" радиосуна билдиргендей, алар Лиозно менен Руднянын ортосундагы беларус-орус чек арасындагы үч өткөрмө бекетте туруп калышты.

“Алар бизди өткөрбөй жатышат, бирок себебин да түшүндүрүшкөн жок. Айла таппай жатабыз, чара көрүүнү суранабыз. Бул жерде миңден ашык унаадан турган кезек жаралды. Жакынкы азык-түлүк дүкөнү чек арадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан”, - дейт айдоочулардын бири.

Унаа ээлеринин айтымында, чек арачылар “жогорудан келген буйрукка” ылайык, чек арадан Орусия менен Беларустун гана жарандары өтө аларын айтышкан.

Тажикстандын Орусиядагы элчилиги “Озоди” радиосунун суроосуна жазуу түрүндө жооп берип жатып, белорус-орус чек арасында тыгылып калгандар эмгек мигранттары эмес, автобизнес менен алектенген ишкерлер экенин белгиледи.

“Алар Литвадан унааларды сатып алып, Орусияга же Тажикстанга кайра сатуу үчүн алып келишет. Бул адамдар Орусия жана Беларус жарандары үчүн каралган бекеттен өтүүнү көздөшүүдө. Негизи алар чек арадан 300 чакырым алыстыкта жайгашкан Псков облусундагы эл аралык бажы көзөмөл пункту аркылуу өтүшү керек”, — деп айтылат Тажикстандын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн жообунда.

Тажикстанга жаңы жана эски унаалар Европа Биримдигинен, Кытайдан, Түштүк Кореядан жана АКШдан, ошондой эле Беларус жана Орусия аркылуу Балтика өлкөлөрүнөн алынып келинет.

XS
SM
MD
LG