Соттолуучу Кылмыш-жаза кодексинин “Куралды же курал катары колдонулган предметтерди колдонуу менен барымтага алуу, жалданмачылык” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматы боюнча, акыркы сөзүндө Мурадов жасаган кылмышына өкүнүп, мындан жапа чеккендердин бардыгынан кечирим сураган.
Соттун чечими менен айыпталуучудан соттук-медициналык экспертизаларды өткөрүүгө кеткен процессуалдык чыгымдар жана Жабырлануучулардын компенсация фондуна 69 миң теңге өлчөмүндө төлөм өндүрүлөт.
Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.
18-июнда Астанада Kaspi Bankтын филиалынын кызматкерлери барымтага алынганы кабарланган. Кийинчерээк Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда барымтадагылар бошотулуп, шектүү кармалганын маалымдаган.
Айрым маалыматтарга караганда, банк кызматкерлерин барымтага алган кишинин насыя көйгөйү болгон.