Бул тууралуу 18-сентябрда Казакстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Атайын жер которгон 251 миң адамдын иши Казакстан президентинин архивине өткөрүлдү. Кийинчерээк бул кызыкдар тараптарга жеткиликтүү болот.
«Жыл соңуна чейин 265 миң ишти беребиз. Сүргүнгө айдалгандардын, атайын жер которгондордун жана кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардын ичинен 311 миң адам акталды», - деп айтылат маалыматта.
2020-жылы Казакстан бийлиги саясий репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча мамлекеттик комиссия түзүү тууралуу жарлык чыгарган.