Ссылки доступа

Ташкент: Москва кура турган мектептер орус пропагандасынын борборуна айланбайт


19-сентябрда Өзбекстан өкмөтүнүн басма сөз кызматы коомчулуктан Орусиянын мектептерди куруу сунушун "туура эмес чечмелмөөнү токтотууну" талап кылды.

Өзбек өкмөтү дүйнөлүк тажрыйбада экинчи мамлекеттин эсебинен мектептерди жана ушул сыяктуу социалдык объектилерди куруу салты бар экенин белгилеген. Бул өз ара социалдык жардам катары эсептелет.

"Чет мамлекеттер курган мектептердин билим берүү программалары алгач улуттук үрп-адат, баалуулуктар жана каада-салт, тарых, укуктук документтер, билим берүү стандарттары өңүтүнөн тыкыр изилденет", - деп айтылат билдирүүдө.

18-сентябрда Москвада өзбек жана орус өкмөт башчыларынын деңгээлинде өткөн жыйында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин "окуучуларды орус маданияты жана салты менен жакындан тааныштыруу" максатында Өзбекстанда бир нече мектеп курууну сунуштаган. Бул сунушту Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кабыл алган.

Мындан соң социалдык тармактарда активисттер менен эксперттер Орусиянын Өзбекстанда мектеп курушуна каршы чыгышкан. Соцтармактардагы билдирүүлөрдө орус окуу программасы Москванын пропагандасынын бир бөлүгү болуп калганы, окуу китептеринде Украинага каршы согушту актаган темалар камтылганы айтылат. Талдоочулардын баамында, Өзбекстанда курула турган орус мектептери Москванын саясатын жайылта турган жайга айланып калышы мүмкүн.

Мурдараак Орусия Кыргызстанда 500 миллион долларга 9 мектеп салып берери кабарланган. 1-сентябрда Бишкек, Баткен, Караколдо алгачкы үч мектептин пайдубалын түптөө аземине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин онлайн катышкан. Москва каржылаган мектептердин жетекчилерин орус өкмөтү дайындай турганы айтылган.

XS
SM
MD
LG