Ушул жылдын 2-июнунда Бишкектин Биринчи Май райондук соту 2022-жылы Орусиядан депортация болгон кыргызстандык активист Эмил Бекиевди күнөөлүү деп таап, алты жылга соттогон.
Райондук соттун чечимине ылайык, Бекиев Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (Массалык баш аламандыктар) 3-бөлүгү, 327-беренесинин (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар) 2-бөлүгүнүн 1-пункту, 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча күнөөлүү деп табылган.
Актыда жазылгандай, соттук отурумда Бекиев өзүнүн күнөөсүн толугу менен моюнуна алган эмес. Ал интернетке жарыялаган видеолорунда коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасабаганын айткан.
Активист Эмил Бекиев былтыр 7-сентябрда Орусиядан депортацияланып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилген. Атайын кызмат ага кастыкты козутууга байланыштуу айып тагылганын, ал Facebook баракчасына “кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды жарыялап жүргөнүн” билдирген.
2021-жылдын ноябрында Москвада “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тарапкерлери болгон ондогон кыргызстандык саясий талаптарын айткан акция өткөрүшкөн. Акциянын уюштуруучуларынын бири болгон Эмил Бекиев анда 15 күнгө камалган.