Маалыматка караганда, 2014-жылы "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу же көрсөтүү" жана "Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө кол салуу" беренелери боюнча соттолуп чыккан 54 жаштагы жаран аялы, үч уулу жана келини менен бирге Орусияга кеткен.
Ал жакта алар эл аралык террористтик уюмдардын таасирине кирип, жаштарды Сирияга кетүүгө үгүттөй башташкан. Кийинчерээк өздөрү да ошол жакка жер которушкан. Сириядагы согушкерлердин катарына кошулган үй-бүлөнүн башчысы ашпозчу болуп иштейт. Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү эл аралык издөөгө алынды.
Соңку кездери Өзбекстандын ички иштер органдары Сирияда согушчандардын катарына кошулуп кеткен өзбек жарандары боюнча көп маалымат берүүдө. Сентябрдын башында "Катибат ул Имам аль-Бухари" эл аралык террордук уюмунун негиздөөчүсү Улугбек Бобомуродов Сириядагы согуштук аракеттер учурунда каза болгону айтылган.
Сирия менен Иракта согушкерлердин катарында кеминде үч миң өзбекстандык согушуп жүргөнү кабарланууда.