Уюмдун Европа жана Борбор Азия боюнча бөлүмүнүн директору Искра Кированын айтымында, АКШ менен Европа Биримдиги (ЕБ) Борбор Азия өлкөлөрү менен байланышты бекемдөөгө аракет кылууда жана алардын өкмөттөрүнөн "укук үстөмдүгүнүн негизги стандарттары менен адам укуктары боюнча кепилдиктерди" талап кылышы керек.
"Саясий куугунтуктарды, сөз эркиндигин чектөөнү жана күч кызматкерлеринин кыйноолор үчүн жазасыз калып жатышын токтотуу үчүн Байден алардан белгилүү бир кадамдарды талап кылышы зарыл", – деди Кирова.
Уюм өз билдирүүсүндө Борбор Азиядагы бардык беш өлкөдө тең адам укуктары бузулуп жатканын белгилеген. Мисал катары Казакстанда Январь окуясында, Өзбекстанда Нукус окуяларында жана Тажикстанда Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы окуяларда полиция ашыкча күч колдонгону, адам укуктары одоно бузулганы, мыйзамсыз кармоолор жана кыйноолор болгону жазылган. Мындан тышкары аймактагы өлкөлөрдө сөз эркиндиги чектелип, бир катар журналисттер камакка алынганы белгиленген.
Билдирүүдө Кыргызстанда бир катар репрессивдүү мыйзамдар, анын ичинде "Жалган маалыматтардан коргоо жөнүндө" жана "ЛГБТ пропагандасына тыюу салуу" тууралуу мыйзамдар кабыл алынганы, алардын көбү Орусиядагы мыйзамдарга окшош экени жазылган.
Мамлекет башчылардын деңгээлиндеги "Борбор Азия – АКШ" саммити бүгүн Нью-Йорк шаарында өтөт деп күтүлүүдө.