Бул иш боюнча айыпталуучулардын эң жашы 22, улуусу 53 жашта. Бир айыпталуучу тергөө абагында отурса, 10 адам үй камагына чыгарылган.
"Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы сүйлөшкөн айыпталуучулар тергөө объективдүү жүрбөгөнүн айтышты. Алар тергөө абагында кыйноого кабылганын билдиришти. Жабырлануучулар арыз жазган, бирок иш далилдердин жоктугунан улам токтотулган.
Бүгүн айыпталуучулардын адвокаттары тагылган айыптар далилденбегенин айтып, ишти прокуратурага кайра кайтарууну суранышты. Адвокаттардын айтымында, 11 айыпталуучу январь окуясында Алматынын ар кайсы жеринде жүргөндүктөн, бири-бири менен кутумга бара алмак эмес.
Бир нече киши Алматы акимчилигинин имараттарына жана Алматыдагы президенттик резиденцияга кол салган деп айыпталууда. Адвокаттар имараттарга кол салуу болгон деген дооматтар негизсиз экенин айтышууда.
Алматыдагы президенттик резиденцияга кол салууга айыпталгандардын арасында активист Косай Маханбаев да бар. 39 жаштагы Маханбаев январдын башында өкмөткө каршы митингге чыгып, октон жараат алган. Аны атайын күчтөр ооруканадан алып чыгып, тергөө абагына алып барышкан. Маханбаевдин айтымында, камактагылар аёосуз кыйноого алынган. Ага "жапырт башаламандык" боюнча айып тагылган.
2022-жылдын башында Казакстанда социалдык талаптарды койгон тынч митингдер өлкө аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматтар боюнча анда бери дегенде эле 238 киши каза болгон.