Ссылки доступа

Түштүк Корея: Өзбекстандын жараны жергиликтүү тургунду өрттөн куткарып калды


Түштүк Кореяда Өзбекстандын жараны өз өмүрүн тобокелге салып, 69 жаштагы жергиликтүү тургунду өрттөн сактап калды. Бул тууралуу The Korean Herald басылмасы кабарлады.

Түштүк Кёнсан провинциясынын өрт өчүрүү кызматы билдиргендей, өрт улгайган жуп башкарган ресторанда кечке жакын чыккан. Жалын тездик менен жайылгандыктан, сыртта жүргөн 70 жаштагы күйөөсү аялын сыртка чыгарууга үлгүрбөй, ал имаратта жалгыз калган.

Ошол маалда коңшу жашаган Өзбекстандын 40 жаштагы жараны өрттөнүп жаткан ресторанга кирип, аялды алып чыккан.

Маалыматка караганда, аял күйүк алып, эс-учун жоготуп койгон. Азыр экинчи деңгээлдеги күйүк менен ооруканада дарыланууда. Өзбекстандын жараны жеңил жаракат алган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

XS
SM
MD
LG