Ссылки доступа

Казакстан Мажилиси "Кытай менен жарандардын маалыматтарын алмашуу тууралуу" келишимди ратификациялоону жактырды


20-сентябрда Казакстан парламентинин мажилис депутаттары "Жарандар тууралуу маалыматтарды алмашуу боюнча Кытай менен түзүлгөн келишимди ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун жактырды.

Бул келишимге тараптар быйыл 17-майда Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапары менен Кытайга барганда кол коюшкан. Ага ылайык, эки өлкө бири-биринин аймагына кирген жарандары, алардын эреже бузуулары жана коңшу өлкөдө жарандык алганы тууралуу маалыматтар менен алмаша алышат.

"Бул маалыматтар кош жарандуулукка каршы күрөшүү жана мыйзамсыз миграциялык каналдарды бөгөттөө үчүн зарыл", – деди мыйзам долбоорун мажилисте тааныштырган Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов.

Анын айтымында, келишимде "тараптардын суверендиги менен коопсуздугуна коркунуч жаралганда жана мыйзамдарга каршы келген учурларда" коңшу өлкөнүн өтүнүчтөрүн канааттандырбоо мүмкүндүгү да каралган.

Эми документ парламенттин жогорку палатасында колдоо тапса президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Буга чейин Казакстан ушундай эле эки тараптуу келишимдерге Кыргызстан, Азербайжан, Беларус, Тажикстан жана Өзбекстан менен кол койгон.

Быйыл июнда Кыргызстандын, Казакстандын жана Орусиянын президенттери "Жарандардын жеке маалыматтары менен өз ара алмашуу тууралуу" макулдашууга кол коюшкан.

Казакстан Кытайдын Шинжаң автоном районундагы куугунтуктан качкан казак жана уйгур улутундагы жарандар көп келген өлкө болуп эсептелет. Айрым эксперттер Кытайдан насыяларды жана каржылык колдоо алган Астана Шинжаңдан келгендерди толук коргой албай турганын айтууда. Казак бийлиги бери дегенде эле Кытайдан келген беш этникалык казакка көп жылдан бери жарандык же үчүнчү өлкөлөргө чыгууга мүмкүндүк түзгөн документтерди бербей келет.

Буга чейин эл аралык уюмдар кытай бийлиги эч кандай сотсуз жана тергөөсүз эле Шинжаңда миллиондон ашык уйгур, казак жана кыргыз өңдүү азчылык өкүлдөрүн лагерлерге жайгаштырган болушу мүмкүн экенин билдиришкен. Бээжин аймактагы мындай чараларды "экстремизмге каршы күрөшүү" деп мүнөздөп, саясий лагерлерди "адистиктерге даярдоочу борборлор" деп атап келет.

XS
SM
MD
LG