Ссылки доступа

Өзбекстан зилзаладан жапа чеккен түркиялык 30 жаран үчүн тур уюштурду


Быйыл февраль айында Түркияда болгон катуу жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн Өзбекстандын шаарларына экскурсия уюштурулду.

Өзбек өкмөтүнүн демилгеси менен уюштурулган кайрымдуулук акциясына Түркиянын 30 жаранынан турган топ катышты. Бул тууралуу Өзбекстандын Маданият жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

18-сентябрда түрк делегациясы Ташкентке келип, аларды өзбек аткаминерлери тосуп алышты. Ошол эле күнү коноктор Ташкенттеги "Азирети Имам" жана "Сузук Ота" тарыхый комплекстерине барышты.

"Бир тууган Өзбекстандын куткаруучулар тобу биринчилерден болуп жардамга колун сунган. Ал эми Өзбекстанга болгон сапар бул кайгыны жеңүүгө көмөк бере турган бир үмүт болду. Руханий мурасыбыздын бешиги болгон жерлерге зыярат кылуу жүрөгүбүздү тазартып, жан дүйнөбүздү жаңылайт деп ишенем", - деди жер титирөөдө үй-бүлөсүнүн 7 мүчөсүн жоготкон Эмине Аксу.

Түркиялык коноктор 7 күндүн ичинде Өзбекстандын эң өнүккөн туристтик аймактарына: Ташкент, Жизак, Самарканд, Бухара жана Хорезм облустарына барат.

XS
SM
MD
LG