Ссылки доступа

Булак: Орус-тажик славян университетинин ректорунун улуу эки айга камалды


Комёб Файзулло
Комёб Файзулло

Душанбедеги Сино райондук сотунун чечими менен Орус-тажик славян университетинин ректорунун уулу Камёб Файзулло эки айга камакка алынды. Бул тууралуу "Озоди" радиосу шаардык прокуратурадагы өз булагына таянып кабарлады.

"Файзуллого каршы "Адам өмүрүн алган жол кырсыгына алып келген эреже бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал күнөөлүү деп табылса үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн", – деди радионун булагы.

Тажик ырчысы Некруз Ниёзов каза болгон жол кырсыгы 21-сентябрь күнү кечинде Душанбе шаарында болгон. Бийликтин маалыматына караганда, Файзулло башкарып бараткан Lexus RX350 унаасы башка машине менен кагылышкандан кийин жолдун жээгинде турган Некруз Ниёзовду сүзүп кеткен.

Азырынча Комёб Файзуллонун жакындары бул жол кырсыгы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Былтыр жол кырсыгынан Тажикстанда белгилүү ырчы Дамирбек Олимов каза болгон. 2020-жылы августта Душанбедеги аварияда тажик эстрада жылдызы Бахром Гафура көз жумган.

XS
SM
MD
LG