Маалыматка караганда, төш белги абийир эркиндигинин кепилдиктерин коргоого жана дин аралык мамилени чыңдоого салым кошкон мамлекеттик жана коомдук уюмдардын кызматкерлерине, дин таануучуларга, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрүнө жана окумуштууларга ыйгарылат.
Билдирүүдө төш белгини чет өлкөлүктөр жана жарандыгы жок адамдар да алса болору белгиленген. Тандалган талапкерлер жыл сайын 16-ноябрда – Эл аралык толеранттуулук күнү сыйланып турат.
Төш белгиден тышкары аларга төрт базалык эсептик көрсөткүч өлчөмүндө (1,32 миллион сум же 100 доллардан ашык) акчалай сыйакы берилет.
Эл аралык уюмдар Өзбекстанда дин эркиндиги жок экенин сындап келишет. 2019-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти дин тутуу эркиндиги боюнча атайын комиссиянын чечимине таянып, Өзбекстанды кайрадан дин эркиндиги сакталбаган өлкөлөрдүн тизмесине киргизген.
Мекеме 2018-жылы Өзбекстан дин тутутуу эркиндигин камсыздоодо кыйла алдыга жылганын белгилеп, өлкөнү "өзгөчө көзөмөлгө муктаж мамлекеттердин" тизмесине кошкон эле.
Ушул күндөрү Ташкентте сакал коюп жана хижаб кийип жүргөндөргө каршы рейддер жүрүп жатканы айтылууда. Буга чейин өлкө шаарларында азандын үнүн басаңдатуу талап кылынып, коомдук жайларда никаб кийүүгө тыюу салган мыйзамдар кабыл алынып жатканы кабарланган.
"Озодлик" радиосу өз булактарына таянып кабарлагандай, өкмөттүн 11-сентябрдагы жыйынында премьер-министр мамлекеттик кызматкерлер мечиттерге барбашы керектигин "эскерткен".