Ссылки доступа

Рахмондун Берлинге сапары учурунда чет өлкөдөгү тажик оппозициясы нааразылык акциясын өткөрөт


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Оппозициялык "Тажикстандын улуттук альянсы" менен "Группа 24" кыймылы 29-сентябрда Берлинде нааразылык акциясын өткөрө тургандыктарын билдиришти.

Бул күнү Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери, анын ичинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Германиянын федералдык президенти менен боло турган "5+1" форматындагы жолугушууга катышат. Ал Берлиндеги "Бельвью" сарайында – немис президентинин резиденциясында өтөт.

"Группа 24" кыймылы нааразылык акциясын Тажикстандын Берлиндеги элчилигинин алдында өткөрөрүн билдирди.

"Рахмон өз жарандары менен ачык атмосферада жолугуп, элдин көйгөйлөрү тууралуу түз айтыла турган пикирлерди уга алар-албасын көрөбүз", – деп жазылган кыймылдын билдирүүсүндө.

"Тажикстандын улуттук альянсы" 26-сентябрда Берлиндин бийлиги Борбор Азиядагы оппозициялык топторго Германия президентинин резиденциясынын алдында акция өткөрүүгө уруксат бергенин билдирди.

Тажикстанда чет өлкөлөрдөгү төрт оппозициялык топту бириктирген "Тажикстандын улуттук альянсы" менен "Группа 24" кыймылына тыюу салынган.

Ал арада Өзбекстан менен Түркмөнстан бийликтеринин саясий оппоненттери да 29-сентябрда Берлинде нааразылык акцияларын өткөрө тургандыктарын билдиришти.

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 29-сентябрда Берлин шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугат. Немис президентинин расмий сайтындагы билдирүүдө "5+1" форматында өтө турган жолугушууда немис тарап өзүнүн жана Европа Биримдигинин (ЕБ) атынан сүйлөй турганы, анткени ЕБдин Борбор Азия өлкөлөрүнө карата стратегиясын Германия иштеп чыкканы белгиленген.

Күн мурун Франк-Вальтер Штайнмайер Германия Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин билдирген.

XS
SM
MD
LG