ТАСС агенттигинин маалыматына караганда, Осимий "Ислам мамлекети" эл аралык террордук уюмдун тарапташы болгон. Ал Кабулдагы жарылууга чейин эле бул уюмдун ооган бөлүмүнө кошулган.
Соттун материалдарына ылайык, Осимий 2022-жылдын 5-сентябрында Орусиянын Кабулдагы элчилигинин кире беришинде жардыруучу зат менен өзүн-өзү жардырган. Теракттын натыйжасында элчиликтин эки кызматкери – орусиялык жарандар каза болгон.
Жанкечти "Террордук уюмдун ишине катышуу жана эл аралык терроризм актысын жасоо" беренеси боюнча толугу менен күнөөлүү деп табылды. Жанкечти өлгөнүнө байланыштуу кылмыш иши токтотулду.