"Грузияга баратканда муну эске алыңыз. Орусча сүйлөгөндө этият болуңуз. Анткени бул жерде орустар менен орус тилинен такыр баш тартуу болуп жатат. Биз муну алдын ала билгенбиз, эске алганбыз. Жеке мен бул сезимдерди түшүнөм. Биз негизинен өзбек же англис тилдеринде сүйлөгөнгө аракет кылабыз. Бирок көп учурда бул чектен чыгып кетет", - деген Лола өзүнүн баракчасында.
Ырчынын айтымында, Лола жана анын достору орусча сүйлөп жатканын уккан грузин сатуучу аларды тейлөөдөн баш тарткан жана орой мамиле жасаган.
Лола Юлдашева акыркы жылдары Орусияда жашайт. Чыгармачылыкта "Мая" деген каймана ат менен белгилүү. Бирок Орусия Украинага согуш ачкандан кийин, 2022-жылы май айында ал Өзбекстанга кайтып келерин Instagram баракчасына жарыялаган.