Ссылки доступа

Өзбекстанда мите курттарга каршы эмдөө өнөктүгүн баштоо пландалууда


Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги "Вермокс" препараты Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен алынып келингенин билдирди.
Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги "Вермокс" препараты Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунушу менен алынып келингенин билдирди.

Өзбекстанда ичеги мите курттарына каршы дегельминтизация өнөктүгүнүн жаңы этабы башталат.

Өлкөнүн Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын өкүлү билдиргендей, иш-чаранын алкагында 2-10 жаштагы 6,5 миллион бала курттарга каршы бекер дары алышат.

Наманган облусунун Чуст районунда балдардын жапырт уулануусунан кийин дегельминтизация өнөктүгү ата-энелердин тынчсыздануусун жаратууда. Айрым ата-энелер балдарына алардын уруксатысыз дары-дармек бербөөнү талап кылууда.

YouTube'дагы эң популярдуу медициналык каналдардын биринин автору, дарыгер Нодирбек Исчанов өзүнүн Telegram каналында ата-энелерди курттарга каршы дарыдан сак болууга чакырды.

"Эми курттарга каршы дары бергилери келип жатат. Ата-энелер, сак болгула! Бул кандай дары, эмнеге каршы, кайдан чыгарылат, анын курамы кандай, каршы көрсөтмөсү барбы, кандай дозада бергиси келет, кандай мителерге каршы?!", - деп жазды ал.

Өзбекстандын Санитардык-эпидемиологиялык кызматынын басма сөз катчысы Мафтуна Саидова дегельминтизация өнөктүгүнө байланыштуу кооптонуулар негизсиз экенин билдирди.

– Бул Бельгияда чыгарылган "Вермокс" дарысы. Ал таблетка түрүндө келет. Жыл сайын бул дары республика боюнча колдонулат. Азырынча анын эч кандай терс таасирин байкай элекпиз. Бул дарыны кабыл алуу милдеттүү эмес, ыктыярдуу. Бул балдардын организминдеги зыянкечтерге каршы маанилүү каражат. Мите адамдын организминде 5000ден 150000ге чейин жумуртка тууйт. Зыянкеч курттар тез көбөйүп, ичеги-карын аркылуу бүт денеге жайылып, ички органдарды жана системаларды бузуу менен коркунуч жаратат", - деди Саидова.

Сентябрдын аягында Өзбекстанда өкмөт йод жетишсиздигине каршы күрөш жүргүзүп жаткан кезде ондогон бала уулануу белгилери менен ооруканаларга жаткырылган.

XS
SM
MD
LG