Мындан тышкары активисттер Тажикстандын Акыйкатчы институтуна, Кызыл чырым комитетине, ЕККУга жана Душанбеде каттоодон өткөн чет өлкөлүк дипломаттарга кайрылып, аларды "өлкөдө адам укуктарынын жапырт бузулуусун" жана сотсуз камакка алууларды иликтөө боюнча атайын топ түзүүгө, ошондой эле "укук коргоо органдарынын кылмыштарына" укуктук баа берүүгө жана тажик өкмөтүнөн мындай көрүнүштөрдү токтотууну талап кылууга үндөштү.
Кайрылуунун авторлору нааразылык акциясын өткөрүүгө мыйзамдуу укуктары бар экенин белгилеп, бирок алардын Берлиндеги митингинен кийин Тажикстандагы туугандары кармалып, айрымдары кыйноого кабылса, башкаларынын абалы тууралуу эч кандай маалымат жок болуп жатканын билдиришти.
"Биздин жакындарыбыз башка бирөөлөрдүн аракети үчүн жоопкерчиликке тартылбашы керек. Азыр Тажикстанда саясаттан кеткен оппозициячылардын туугандары да басымга, куугунтукка кабылууда. Алардын айрымдары өлкөдө тыюу салынган бир да оппозициялык партияга же топко байланышы жок экенин, көз карандысыз активист экенин билдирип жатышат", – деп жазылган кайрылууда.
Азырынчы бул кайрылуу боюнча Тажикстандын бийлиги да, эл аралык миссиялардын өкүлдөрү да эч кандай комментарий бере элек.
Тажикстандагы бир катар булактар оппозиционерлердин Германиядагы нааразылык акциясынан кийин алардын туугандары кармалганын ырасташты. 3-октябрь күнү кечинде кармалгандардын бери дегенде эле экөө кайра кое берилгени кабарланды.
Акыркы эки күндүн ичинде Европада жүргөн туугандарын Тажикстанга кайтып келүүгө чакырган жарандардын бир нече видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды. Оппозиция өкүлдөрү мындай видеокайрылуулар бийликтин басымы менен жаздырылганын билдирүүдө.
Чет өлкөлөрдө жашаган тажик оппозициясынын өкүлдөрү 29-сентябрда Берлинде нааразылык акциясын өткөрүп, Рахмондун режимине каршы ураандарды кыйкырып, анын автоунаасына жумурткаларды ыргытышкан.