Анын айтымында, оңдоо иштери аяктагандан кийин процесс башталат.
"Өзбек тараптын суроосуна ылайык газдын көлөмү макулдашылып жатат. Башкача айтканда, өтүнмө алар замат транзитти баштайбыз", - деди министр.
Август айында Орусиядан Өзбекстанга газ жеткирүү үчүн "Борбор Азия — Борбор" магистралдык газ куурун даярдоо боюнча Казакстан өкмөтү менен "Газпром" компаниясынын ортосунда план түзүлгөнү белгилүү болгон.
Өзбекстан жайында 1-октябрдан тарта орус газын сатып ала баштарын, импорттун жылдык көлөмү 2,8 миллиард куб метрге жетерин жарыялаган.
Былтыр ноябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын ортосунда “үч тараптуу газ биримдигин” түзүү ниетин билдирген.
Өзбекстан Орусия менен газ жеткирүү боюнча коммерциялык келишимдерге кол коюуга даяр экенин, бирок Москва сунуштаган бирикмеге кирбей турганын айткан.