Өкүм боюнча Нурасыл Болаттын пикирин билүүгө мүмкүн болгон жок.
Парламент мажилисинин уулу быйыл февраль айында юрист жубайлар Анна Чернова менен Олег Черновду ур-токмокко алууга шектелген. Кийинчерээк сот аны аскер башчынын буйругун аткарбаганы үчүн 15 суткага камакка алган.
Депутат Даулет Турлыханов окуяга комментарий берип жатып, уулун коргоп, "жигит кызга жолугуу үчүн кеткен" деп билдирген.
Бул депутат Турлыхановдун балдарына байланыштуу коомчулукка белгилүү болгон биринчи чатак эмес. Анын ортончу уулу көчөдө кызды түртүп жиберип, ал асфальтка кулап түшкөн учур тартылган видео соцтармактарга тараган. Депутат муну "өзүнө багытталган дагы бир маалыматтык чабуул" деп атаган.