Ага ылайык, эми кызмат үчүн төлөмгө 12% кошумча нарк салыгы да кирет.
TikTok социалдык тармагы Өзбекстанда 2021-жылдын июль айында бөгөттөлгөн. Буга тармак Өзбекстандын "Жеке маалыматтар жөнүндө" мыйзамын бузганы себеп болгону айтылган.
Жогорудагы мыйзамды бузгандардын тизмесине TikTok менен катар Twitter, VKontakte жана WeChat да кирген. ТикТоктон башка тармактар бул тизмеден 2022-жылдын августунда чыгарылган.
Демократияга, саясий эркиндиктерге жана адам укуктарына мониторинг жүргүзгөн эл аралык Freedom House уюму 2023-жылдагы баяндамасында Өзбекстанды Интернети эркин эмес өлкөлөрдүн тизмесинде калтырган. Уюмдун эксперттеринин айтымында, президент Мирзиёевдин айрым реформаларына карабастан Өзбекстан авторитардык мамлекет бойдон калууда.
Уюм өлкөлөрдү 100 баллдык шкала менен баалаган. Ага ылайык, Өзбекстан 25 балл алган. Мурунку баяндамада 27 балл берилген. Балл канчалык аз болсо, эркиндик да ошончолук төмөн болот.