Ссылки доступа

Ташкент облусунда айрым үйлөрдүн чоргосунан суу менен кошо кан акты (видео)


Социалдык тармактарда Ташкент облусунун Алмалык шаарында ичүүчү суу канга боёлуп агып жатканы тууралуу видео кайрылуу тарады.

Тургундардын айтымында, алар буга чейин бул маселе боюнча бийликке бир нече жолу кайрылып, бирок маселе чечилген эмес.

Суу менен камсыздоо ишканасынын өкүлдөрүнүн кабарлашынча, суу түтүгүнүн бузулушунан улам ичүүчү суу менен саркынды суу аралашып кеткен.

Маалыматка караганда, мындан 20-25 жыл мурун 15 үйдүн жашоочулары ичүүчү суу үчүн диаметри 57 мм болгон түтүктү өз алдынча тартып алышкан. Түтүктүн бузулушунан улам касапканадан чыккан калдыктардын бир бөлүгү таза сууга кошулуп кеткен.

"Кырдаалды жетекчилер көзөмөлгө алып, учурда оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат", — деп айтылат ишкананын билдирүүсүндө.

Окуя болгон жерге санэпидкөзөмөл кызматынын өкүлдөрү да барып, кырдаал менен таанышууда.

XS
SM
MD
LG