Маалыматка караганда, 11-октябрда "Казакстан" шахтасында быйыл 17-августта чыккан өрттөн кийинки оңдоо иштери жүрүп, шахтанын бөлүктөрүнүн бири ысып, түтүн пайда болгону аныкталган.
"Температуранын жогорулашына байланыштуу шахтадагы бардык 106 жумушчу сыртка чыгарылды. Жабыркагандар жок", – деп жазылган компаниянын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө.
Быйыл 17-августта Караганды облусундагы "АрселорМиталл Темиртау" компаниясына таандык "Казакстан" шахтасында өрт чыгып, беш кенчи каза болгон. Версиялардын бирине ылайык, конвейер тилкесинде жалын тутанып, түтүндөн жана жогорку температурадан улам беш жумушчу сыртка чыга албай калган. Атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия шахтадагы аварияга жумуш берүүчү күнөөлүү деген бүтүм чыгарган.