Ссылки доступа

Ташкентте туруктуу жашагандардын саны 3 миллиондон ашты


1-октябрга карата Ташкентте туруктуу жашаган элдин саны 3 миллион 20 миң адамды түздү. Бул тууралуу Өзбекстандын Статистика агенттиги билдирди.

Ведомствонун маалыматы боюнча, учурда Өзбекстандын борборунда 1 миллион 481 миң эркек жана 1 миллион 538 миң аял жашайт.

Ташкенттин Алмазар районунда калк жыш отурукташкан. Ал жакта 395 миң адам бар.

Өзбекстандын баш калаасынын жашоочулары 1960-жылы 1 миллиондон ашса, 1985-жылы 2 миллион, 2023-жылы 3 миллиондон ашты.

XS
SM
MD
LG