Ссылки доступа

Казакстанда аялын өлтүрүүгө шектелген экс-министр эки айга камалды


Астананын райондор аралык тергөө соту аялын өлтүрүүгө шектелип кармалган Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин бөгөт чарасын карап, аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

9-ноябрда Астана шаардык полиция департаменти экс-министрге карата "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча тергөө иштерин баштаганы кабарланган. Эгер Бишимбаев бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Маалыматтарга караганда, экс-министр 31 жаштагы аялы Салтанат Нукенованы өлтүргөн деп шектелүүдө. Ал күйөөсүнүн ур-токмогунан кийин көз жумганы айтылууда.

Казакстандын мурдагы улуттук экономика министри Куандык Бишимбаев 2018-жылдын март айында коррупцияга айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Тергөөнүн версиясына ылайык, Бишимбаев "Байтерек" улуттук башкаруу холдингинин жетекчиси болуп турганда Кызылорда шаарындагы айнек заводунун курулушуна бөлүнгөн миллиард теңгени уурдоо үчүн кылмыштуу схеманы уюштурган. Ал курулуш компанияларын тапшырык менен камсыз кылуу үчүн пара алган деп айыпталган. 2019-жылдын октябрында Бишимбаев шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

43 жаштагы Куандык Бишимбаев 2017-жылы камакка алынганга чейин мамлекеттик аппаратта жана квазимамлекеттик сектордо жогорку кызматтарда иштеген. Андан мурда ал экс-президент Нурсултан Назарбаевдин жардамчысы болгон.

XS
SM
MD
LG