Ссылки доступа

Ташкенттин тургуну 15-кабаттан боюн таштап каза болду


Ташкенттин Юнусабад районунда 32 жаштагы тургун 15-кабаттан боюн таштап каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 18-ноябрь күнү кечки саат 10дордо "Манзара" турак жай комплексинин аймагында болгон. Маркум бул үйдө 23 жаштагы жубайы менен жашаган. Анын айтымында, күйөөсү бир нече күн мурда "асманга учууну каалап жатканын" билдирген.

Каза болгон Ш.Х. аттуу жаран 2020-жылдан бери психиатриялык ооруканада дарыланып келген. 18-ноябрда ал эч жакка барбай турганын, үйдө болорун айтып, аялы жумуштан келгенге чейин өз жанын кыйган.

Учурда райондук прокуратура маркумдун эмне себептен мындай кадамга барганын аныктоо үчүн тергөө иштерин жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG