Ссылки доступа

Январь окуясында каза болгон кыздын атасына "жалган маалымат таратканы үчүн" айып пул салынды


Январь окуялары учурунда каза болгон төрт жаштагы Айкөркөм аттуу кыздын атасы Айдос Мелдеханулына 69 миң теңге (дээрлик 150 доллар) өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Алматы шаардык соту билдирди.

"Иштин материалдарына ылайык, Мелдеханулы 8-ноябрда Facebook баракчасына видеокайрылуу жарыялаган. Анда ал коңшусу кол салганы тууралуу жазган арызын полиция кабыл албаганын жана эч кандай аракет көрбөгөнүн айткан. Сотто Мелдеханулы полицияга эч кандай арыз менен кайрылбаганы аныкталды", – деп жазылган шаардык соттун билдирүүсүндө.

Азырынча соттун бул өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

16-ноябрда адвокат Галым Нурпеисов Мелдеханулына "Жалган маалымат жайгаштыруу, таркатуу" беренеси менен административдик иш козголгонун билдирген. Адвокаттын айтымында, Айдос кол салууга кабылып, бул боюнча полицияга арыз менен кайрылган. Бирок полиция кызматкери арызды каттаган эмес, кийин эч кандай арыз болбогонун билдирген.

Өткөн жумада сот Айкөркөмдүн өлүмүнө байланыштуу Мелдеханулын Кылмыш кодексинин "Коркунучта калтыруу" беренеси боюнча жоопкерчиликке тартуу тууралуу жеке аныктама чыгарган.

Ошол эле күнү Алматы гарнизонунун аскердик соту келишимдик негизде кызмат өтөгөн аскер кызматкери Арман Жуманды актаган. Ал 2022-жылкы Январь окуялары маалында төрт жашар Айкөркөмдүн өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренеси менен айыпталган.

Сотто прокурор айыпталуучуну жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Жабырлануучу тарап айыпталуучунун аракеттери "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" эмес, "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча каралышы керектигин билдирген.

Кийинчерээк Казакстандын Аскердик прокуратурасы соттун Жуманга карата чыгарган өкүмү боюнча апелляциялык доо арыз бере турганын билдирген. Сот өкүмү азырынча мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Айкөркөм Мелдехан былтыр 7-январда бир туугандары менен автоунаада отурганда башынан ок жеп каза болгон. Эжеси жарадар болуп, операция жасалган.

Арман Жуман июлда журналисттерге буйрукту аткарганын, адам өлтүрүү ниети болбогонун айткан.

XS
SM
MD
LG